Казакстандын саламаттыкты сактоо уюмдары, медицина кызматкерлеринин кесиптик жоопкерчиликти камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттүү. Мажилис мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Документте анын оптималдуу механизми катары АКШнын, Германиянын, Жапониянын жана Түркиянын тажрыйбасына негизделген камсыздандыруунун ыңгайлаштырылган рыноктук модели сунушталып жатат. Баарынан мурун бул система өлкөдөгү медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жол ачат. Мисалы, мыйзам кабыл алынса, талаш-тартыштуу маселелерди сотко чейин чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Башкача айтканда, камсыздандыруу компаниясы бейтапка келтирилген зыяндын ордун толтуруп берет. Мындай болбогон жагдайда, бейтап сотко кайрылууга укуктуу. Системаны этап-этабы менен ишке киргизүү пландалууда. Эрежелерге ылайык, кесиптик жоопкерчиликти камсыздандыруу төгүмдөрүнүн минималдуу өлчөмү аныкталган. Ал 2025-жылдан баштап саламаттыкты сактоо уюму менен медициналык кызматкердин ортосунда бирдей үлүштө ишке ашырылат.
Ажар Гиният, Саламаттыкты сактоо министри:
- Азыр биз бардык медициналык уюмдарда бейтаптарды колдоо кызматын ачып жатабыз. Бул моделге ылайык, бейтаптарды колдоо кызматы даттанууну кароодо атайын комиссияны, адистерди жана кызыкдар тараптарды тартуу менен медиациянын элементтерин колдонуп, жүзөгө ашырат. Бул долбоор бейтаптардын укуктарын коргоо жана медицина кызматкерлеринин кесиптик тобокелдиктерин азайтуу максатында, саламаттыкты сактоо тармагындагы жаңы багыт болуп саналат. Ошондуктан бул документти кабыл алууга убакыт келди деп эсептейбиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков