Үстүбүздөгү жылдын жетинин айына карата эсеп менен жер бетиндеги адамдардын саны 8 миллиарддан ашат. Бул тууралуу БУУнун жаңы баяндамасында айтылат. Калктын өсүшү биринчи кезекте өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө төрөлүүнүн жогорку деңгээли менен байланыштуу экени белгиленген. Калктын жалпы өсүшүнүн жарымынан көбү сегиз өлкөгө туура келет. Алар Египет, Пакистан, Конго Демократиялык Республикасы, Эфиопия, Нигерия, Филиппин, Индия жана Танзания. Индия келээрки жылы Кытайды басып өтөт. Эл аралык уюмдун серепчилеринин божомолуна караганда, 2030-жылга карата жер шарынын калкынын саны 8,5 миллиард адамга, 2050-жылга чейин 10 миллиардга, 2100-жылы болжол менен 10,5 миллиардга жетет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков