Жаңы жыл жакындап калды. Алдыдагы жекшембиде Казакстан бүткүл дүйнө сыяктуу эле 2024-жылды салтанаттуу тосуп алууга камынып жатат. Бул өлкө жарандарынын салттуу түрдө белгиленүүчү майрамдарынын бири. Андыктан өлкө элине майрамдык маанай тартуулоо максатында шаар-кыштактар адаттагыдай эле жасалгалар менен көрккө бөлөндү. Жаңы жылдык майрамдын негизги символу – жылдын он эки айында түсүн өзгөртпөгөн кооз балаты. Павлодар шаарынын борбордук аянтында жайкалган 30 метрлик балаты шөкүлө сыяктуу улуттук стилде орнотулду. Балаты 3 миң шам-чырак менен кооздолгон. Ал эми төбөсү эки метрлик казак оймосу менен шөкөттөлгөн. Буга кошумча, Иртыштын жээгинде муз шаарчасы салынды. Анда муздан жана кардан жасалган түстүү жарыктандыргыч шамдар кошулган айкелдер орнотулду.
Ал эми Костанай шаарында балаты полициянын кызматтык унааларынан куралган. Алардын жарыктары гирлянданын ролун аткарат. Райондун тартип сакчылары жергиликтүү тургундарды жана шаар конокторун келе жаткан жаңы жыл менен өзгөчө куттуктоону салтка айландырышкан. Дал ушундайча алар майрам күндөрү жолдо жүрүү эрежелерине көңүл бурууга чакырды. Айдоочуларга эскертүүлөр менен бирге белектер да таратылды.
Асемгүл Ерденова, Полиция башкармасынын
ага инспектору:
- Полиция департаменти сиздерди жаңы жылыңыздар менен куттуктайт. 2024-жыл сиздер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана каржылык көз карандысыздыкты алып келишин каалайбыз. Жакындарыңыз ден соолукта, аман-эсен болушсун. Биз майрам күндөрү сиздердин тынчтыгыңарды сактайбыз.
Ал эми өлкөнүн чыгыш аймагынын тургундары Аяз атага жеке кат жазып, аны менен бирге, сүрөткө түшүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Жаңы жылдын башкы каарманынын резиденциясы Өскемендеги этнопаркта ачылды. Ал эки кабаттуу үй түрүндө жасалган. Экинчи кабатта эмеректер, килемдер жана улуттук стилде жасалып, буюмдар коюлган уктоочу бөлмө бар.
- Жаңы жыл үйүңүздөргө кубаныч алып келсин. Сиздерге бакыт, ийгилик жана бакубатчылык каалайм. Жылдыздарыңыз ар дайым жанып турсун. Бардык кыялдар орундалсын.
Которгон: Илгиз Жамалбеков