Казакстандыктардын басымдуу бөлүгү Атом Электр Станциясын курууга оң көз карашта. Президенттин
алдындагы стратегиялык изилдөөлөр
институтунун тапшырмасы менен «Демократия институту» социологиялык изилдөө
жүргүздү. Натыйжада респонденттердин 60 пайызы референдумга колдоо көрсөтүп,
катышарын айтышкан. Баш оона айында жүргүзүлгөн сурамжылоого салыштырмалуу АЭС
куруу идеясын жактагандардын саны 7 пайыздан ашык өскөнү белгиленди. Бул
сурамжылоого 18 жаштан жогорку 8 миң адам катышкан. Респонденттердин 42% га
жакыны референдумда сөзсүз түрдө тандоо болорун айтышкан жана тургундардын 20%
га жакыны барат же барбайт али чечишкен эмес. Серепчилердин
айтымында, сурамжылоонун жыйынтыктары өкмөт, эксперттер жана коом ортосундагы
ачык диалогдун маанилүүлүгүн баса белгилейт. Эскерте кетсек, Президент
Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуусунда референдумду тогуздун айынын 6сында өткөрүүнү билдирип, бул маанилүү
чечимди жалпы элдик добуш берүү менен гана кабыл алууга болорун айткан.
Алуа Жолдыбалина, Казакстан президентине караштуу
стратегиялык изилдөөлөр институтунун мүдүрүнүн орун басары:
- Тажрыйба көрсөткөндөй, референдум маанилүү чечимди
биргелешип кабыл алуу максатында калкты тартуунун жалгыз жолу. Конституцияга
өзгөртүүлөрдү киргизүү, мамлекеттик түзүмдү алмаштыруу, өлкөнүн белгилүү бир эл
аралык уюмдун катарына кириши жана айрым стратегиялык маанилүү маселелер, эреже
катары, референдумда гана чечилет. Бул - алдыңкы дүйнөлүк тажрыйба.
Которгон: Назира
Бегалиева