Бирдин айы дүйнө жүзү боюнча ковиддик чектөөлөрдү алып салуудагы бурулуш учур болду. Коронавирустук инфекциянын рекорддук деңгээлине карабастан, Улуу Британия, Дания, Австрия, Нидерланды, Италия, Греция жана Франция чектөөлөрдү алып салды. Маселен, бешинчи республикада эпидемиологиялык абалдын жакшырганына байланыштуу эмдөө паспорту жалган куран айынын орто ченинде жоюлушу мүмкүн. Кошумчалай кетсек, Францияда бирдин айынын 28нен тарта имараттын ичинде беткап тагынуу эрежеси жокко чыгарылган, көчөдө алар мындан ары талап кылынбайт.
Габриэль Атталь, Франция өкмөтүнүн расмий өкүлү:
- Бүгүн Пастер институту иштеп чыккан моделдөө аркылуу абалды байкадык. Бул сандар жалган куран айынын орто ченинде белгилүү болот. Эгер баары ойлогондой болсо, жалган куран айынын ортосуна чейин бизде вакцинациляоо паспортторунан баш тартып, беткап тагынууну токтотобуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков