Адамга багытталгандык — жаңы Конституциянын негизги идеясы

Адамга багытталгандык — жаңы Конституциянын негизги идеясы

Сенаттын депутаттары акыркы жумаларда өлкөнүн Баш мыйзамынын жаңыланган жоболорун аймактардын тургундарына түшүндүрүү максатында 600гө жакын жолугушуу өткөрүштү. Казакстандын жаңы Конституциясы глобалдык чакырыктарга өз убагында жооп берип, мамлекеттин туруктуулугун бекемдейт, саясий институттарды системалуу түрдө кайра жүктөөгө мүмкүндүк берет. Парламенттин Жогорку палатасынын жыйынында төрага Маулен Ашимбаев реформа жарандардын укуктарын коргоого жана коом менен реалдуу диалогго багытталган заманбап, натыйжалуу саясий моделди түзөт. Ал документ адамды, анын өмүрүн, укуктарын жана эркиндиктерин мамлекеттин эң жогорку баалуулугу катары бекемдей турганын баса белгиледи.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

– Реформанын негизги артыкчылыгы адам болуп саналат: анын өмүрү, укуктары жана эркиндиктери расмий түрдө эң жогорку баалуулук деп жарыяланат. Ошентип, жаңы Баш мыйзам бийлик системасын жарандардын кызыкчылыктарын коргоочу куралга айландырат. Сенаторлор коомчулук, серепчилер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана жаштар менен тыгыз байланышта иштешип, жаңы Конституция боюнча референдумду толугу менен колдошот. Өлкө үчүн бул тарыхый учурда элибиздин биримдиги жана ынтымагы маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков