Казакстан Беларуска 105 товар позициясы боюнча экспорттуу көбөйтүүгө даяр

Казакстан Беларуска 105 товар позициясы боюнча экспорттуу көбөйтүүгө даяр

Казакстан Беларуска экспортту 105 товардык позицияда 265 миллион долларга жакын көбөйтүүгө даяр. Бул тууралуу премьер-министр Олжас Бектенов кесиптеши Роман Головченко менен жолугушууда билдирди. Өлкөнүн өкмөт башчысы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына барды. Тараптар соода-экономика, өнөр жай, агро өнөржай комплекси, санариптештирүү, ошондой эле маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү чөйрөлөрүндө кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашты. Белгилей кетсек, былтыр Казакстан менен Беларустун ортосундагы товар жүгүртүү АКШ валютасында 912 миллион долларды түзгөн. Ошондой эле, Олжас Бектенов «Белагро-2024» эл аралык көргөзмөсүнө да катышып, «Евразия экономикалык биримдигинин азык-түлүк коопсуздугу» пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Иш-чарага Орусия, Кыргызстан, Өзбекстан, Беларус, Азербайжандын өкмөт башчылары, Армениянын вице-премьер-министри, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышты.

 

Олжас Бектенов, Казакстандын өкмөт башчысы:

 

-Бүгүнкү күндө Казакстан дүйнөлүк азык-түлүк экспорттоочуларынын ТОП-25 катарына кирет. Ата мекендик айыл чарба өнүмдөрү дүйнөнүн 80 өлкөсүнө, анын ичинде Борбордук Азияга жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеткирилет. Анын экспорту акыркы 5 жылда эки эсеге өсүп, 5,4 миллиард долларга жетти. Алдыдагы убакытта бул көрсөткүчтөрдү көбөйтөбүз.  Казакстан 2026-жылга чейин айыл чарба өнүмдөрүн эки эсеге арттырууну максат кылууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков