2024-жылы Казакстанда жол оңдоо иштери рекорддук көрсөткүчкө жетти

Быйыл Казакстанда 12 миң чакырым жолдо курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул рекорддук көрсөткүч. Атап айта турган болсок, республикалык маанидеги 5 миң чакырым, ал эми аймактык маанидеги 4 миң чакырым жолдо тиешелүү иштер улантылат. Быйыл пайдаланууга бериле турган жолду айта турган болсок, 2000 чакырым. Мындан тышкары өлкөдө жол инфраструктурасын күчөтүү максатында масштабдуу программа ишке ашырылууда.

 

Ляззат Стамгазиева, транспорт министрлгининин расмий өкулү:

 

-Негизги күчтү башкы транспорт коридорлорун бүтүрүү үчүн колдонобуз. Алар: «Астана-Балкаш-Алматы», «Талдыкорган-Өскемен», «Актөбе-Кандыагаш» жана «Атырау-Астрахан». Муну менен катар, Улытау облусундагы «Кызылорда-Жезказган» жана Актөбе-Улгайсын участкасында «Актебе-Кызылорда», «Кызылорда-Сөксөөл», «Караганды-Жезказган» жана Сарыагаш шаарында айланма жол салуу жумуштарын баштоону мерчемдеп жатабыз.

 

Белгилей кетсек, азыр өлкөдө жол куруу жана оңдоо иштерине ата мекендик гана материалдар колдонулууда. Адистер анын сапатын дайыма көзөмөлдөп турушат. Казакстандын жол илим-изилдөө институтунун өкүлдөрү, журналисттер жана коомдук активисттер Актөбе облусундагы асфальт-бетон заводдорунун иши менен таанышып чыгышты. Негизги талап бардык нормаларды сактоо. Мындан тышкары, облустагы карьерлерди жана лабораторияларды көрүп, «Актөбе-Кандыагаш» багытындагы жол курулушунун жүрүшү менен таанышты.

 

Мейрамгүл Кабдыгалиева, Казакстан жол илим-изилдөө институтунун департамент мүдүрү:

 

-Биздин институт өткөн жылдан бери республикадагы бардык таш карьерлерин изилдөө менен алектенип жатат. Алдын ала маалымат боюнча, алардын саны 842. Былтыр республиканын 8 облусун толук изилдесек, быйыл калган 9 облуста иш жүргүзүп жатабыз. Натыйжада жол курулуш материалдарынын бирдиктүү базасы түзүлдү. Ал бүгүн ишке киргизилди. Анда карьерлердин картасын көрүүгө болот.

Кайрат Мухамбеткалиев, Казакстан жол илим-изилдөө институтунун жаңы технологиялар башкармасынын башчысы:

 

-Бүгүнкү күндө транспорт министрлгинин тапшырмасы боюнча Казакстандын жол илим-изилдөө институту бардык асфальт-бетон заводдорун масштабдуу текшерүүну жүргүзүп жатат. Алар биздин rcmbaseге базага киргизилет. Ал жерде заводдордун кубаттуулугу жана өндүрүмдүүлүгү тууралуу толук маалымат жайгаштырылган. Текшерүүдөн кийин ар бир асфальт-бетон заводуна жеке макам берилет. Бул толугу менен жаңыртылган асфальт-бетон заводуна гана 5 жылдыз макамын берип жатабыз дегенди билдирет. Мындан тышкары, документтер да ылайыктуу болушу керек.

 

Жалпысынан Казакстандын транспорттук багыттары дараметин өнүктүрүү жана транспорттук инфраструктураны модернизациялоого байланыштуу пландар акырындык менен ишке ашырылып, 2031-жылга чейин уланат деп күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков