Тарыхый имараттар, эске сакталуучу окуялар, шаардык көрүнүштөр, белгилүү инсандар - архивдик сүрөттөрдө. Борбор калаанын күнүнө арналган «Менин Астанам: Өткөндөн келечекке» аттуу көргөзмөдө белгилүү фотокабарчы жана чөлкөм таануучу Нурмухамат Имамовдун уникалдуу эмгектери тартууланган. Экспозиция мегаполистин тарыхынын негизги учурларын камтыйт. 300гө жакын санариптештирилген сүрөттөрдөн шаардын көрүнүшү бир нече он жылдыкта Целинограддан азыркы Астанага чейин кандай өзгөргөнүн көрүүгө болот.
Бакытжан Темирболат, Казакстандын Президенттик борборунун мүдүрү:
- Фотосүрөт көргөзмөсү борборубуздун өнүгүү тарыхын байкоого мүмкүнчүлүк берет. Нурмухамат Имамовдун фотолору жөн гана сүрөттөр эмес, бул анын терең билими жана туулуп өскөн жерине болгон чын ыкластуу сүйүүсү аркылуу тартылган Астананын жандуу тарыхы. Бул көргөзмө Астананы сүйгөн ар бир адам үчүн чыныгы белек. Ал сонун кадрлардан ырахат алууга гана эмес, баарыбыз бирге кандай жолду басып өткөнүбүз жөнүндө ойлонууга да мүмкүнчүлүк берет.
Коноктордун өзгөчө кызыгуусун жазуучу Сабит Муканов, ырчы Роза Багланова, космонавт Виктор Горбатко, ырчы Иосиф Кобзон жана башка белгилүү ишмерлер менен түшкөн сейрек кадрлар жаратат. Музей кызматкерлеринин айтымында, сүрөттөр ошол кездеги маданиятты, архитектураны жана жашоону эске сактоого жардам берет.
Айгерим Сартаева, Казакстандын Президенттик борборунун жетектөөчү адиси:
- Бул Сарайшык - Кабанбай аймагында жайгашкан аэропорттун имараты. Бул азыр Сакен Сейфуллиндин музейи жайгашкан үй. Бул, мисалы, Ишим мейманканасы сыяктуу объектилер. Азыр бул имарат Ramada деп аталат. Ал биздин шаардын акимчилигинин маңдайында жайгашкан. Башкача айтканда, биздин шаардын эски тургундары дароо эле байкай турган маанилүү объектилер.
Көргөзмөнүн демилгечиси фотосүрөт чеберинин уулу – Ринат Имамов болду. Эми анын пландарында атасынын 100 жылдык мааракесине карата өзүнчө тематикалык экспозиция уюштуруу бар. Белгилей кетсек, фотокөргөзмө бардык каалоочулар үчүн баш оона айынын 10уна чейин ачык болот.
Которгон: Назира Бегалиева

