Астанада Султан Бейбарыстын 800 жылдыгы алкагында көргөзмө ачылды

Астанада Султан Бейбарыстын 800 жылдыгы алкагында көргөзмө ачылды

Өлкөнүн санжырасынын уникалдуу үлгүлөрү өлкөнүн Улуттук архивинен жана Улуттук музей фондунан чогултулган. Уюштуруучулардын айтымында, айрым материалдар Египеттен алынып келинген. Көргөзмөнүн экинчи бөлүгүндө белгилүү араб таануучу Кайрат Сакинин өздүк фондунда сакталган документтер жана архивдик материалдар коюлган.

Асия Айтенова, Улуттук архивдин кызматкери:

- Бул экспозицияда Улуттук архив фондунун №83  документтери коомчулукка сунушталды. Алар өлкөбүзгө 2004-2006-жылдары “Маданий мурас” программасынын алкагында алынып келинген. Чет өлкөлөрдөн өлкөбүзгө алынган документтерде тарыхыбызга байланыштуу жаңы маалыматтар камтылган. Азыркы кырдаалда Бейбарыс Султандын бийлигинин тарыхына тиешелүү документтерди айтсак болот.

Көргөзмөгө жалпысынан 20дан ашык архивдик  фотодокументтер коюлган. Алар Султан Бейбарыстын тушунда архитектура менен катар илим, билим, маданият жана адабият өнүккөндүгүн күбөлөндүрөт. Ошондой эле чоң шаарларда мечиттер менен медреселердин, сарайлардын, соода борборлорунун ачылышы көрсөтүлөт.

Гүлим Ыдырысова, көргөзмөнүн коногу:

- Изилдөөлөр, жарыяланган, жазылган эмгектер, табылган сүрөттөр жана архивдик документтер Улуттук музейдин мейкиндигинде көрүүчүлөргө сунушталып жатат. Келгендер улуттук тарыхыбызга жаңыча жана терең көз караш менен карайт  деп ишенебиз. Негизги далилдемелер менен тааныша алат.

Айта кетсек, маанилүү күн – Кыпчак талаасынан чыккан улуу чыгаан адамдын жана Египеттеги Мамлюк династиясынын негиздөөчүсүнүн 800 жылдыгы эки өлкөдө тең бирдей майрамдалат. Буга байланыштуу бир катар иш-чараларды өткөрүү мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков