Астанада КМШ жана Борбор Азиядагы эң ири Comic Con фестивалы өттү. Казакстандын борбору бир нече күн бою комикстердин, фантастиканын, видео оюндарынын жана аниме күйөрмандарынын борборуна айланды. Быйылкы жаркын жана эсте каларлык окуяга 75 миңден ашуун конок келди, алардын 10 миңден ашууну дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн келген туристтер. Фестивалдын жүрүшүндө 150дөн ашуун казакстандык сүрөтчүлөр жана кол өнөрчүлөр өз өнөрлөрүн тартуулашты. Уюштуруучулардын айтымында, Comic Conдун таанымалдыгынын өсүшү дүйнөлүк жылдыздардын көңүлүн бурду. Фестивалдын тарыхында биринчи жолу иш-чарага үч бирдей голливуддук актер катышты. Хедлайнерлердин арасында «Шакектер ээсиндеги» Голлумдун ролун аткарган аты аңызга айланган Энди Серкис, «Миссиянын аткарылышы мүмкүн эмес» тасмасынын акыркы бөлүгүнүн антагонисти - Эсай Моралес, ошондой эле боевиктердин жылдызы жана Marvel кино ааламынын катышуучусу Скотт Эдкинс бар.
Энди Серкис, Хедлайнер:
- Comic-Conдун алты жылдын ичинде ушундай масштабга жеткени таң калыштуу.
Баары заманбап, футуристтик жана алдыңкы стилдеги жасалгалоо өзгөчө көзгө
урунат. Жаңы технологиялар колдонулганы анык. Мен искусство тармагындагы
адамдар менен - киноиндустрия, театр, балет жана опера тармактарындагы адамдар
менен сүйлөштүм жана бардык жерде Казакстандын маданияты улуттук өзгөчөлүктүн
маанилүү курамдык бөлүгү жана анын толук колдоого ээ болуп жатканы сезилет.
Баары көз жоосун алат, катышуучулардын костюмдарынын деталдары - дүйнөлүк
фестиваль деңгээлинде. Мунун баары өлкөдө маданиятты, сторителлингди канчалык
урматтаарын билдирет.
Жасай Моралес, Хедлайнер:
- Мени
суроолордун кеңдиги таң калтырды – адамдар бул маданиятты жакшы өздөштүргөнү
көрүнүп турат, фестиваль костюмдарын жана жылдыздарды көргөндө көздөрү жайнайт.
Мен узак жолдон уктай алган жокмун, бирок өзүмдү чарчаңкы сезбейм, бул жердеги
адамдардын көз кубанычы өзгөчө таасир калтырат.
Негизги иш-чаралардын бири кесипкөй косплеерлердин эл аралык сынагы болду.
Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Азербайжан, Беларусь, Кытай, Молдова, Орусия,
АКШ жана Таиланддан 200гө жакын катышуучу өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Тажрыйбалуу
калыстар тобу тандалган образга окшоштугун гана эмес, кийимдердин сапатын, оюн
чеберчилигин жана сахналык көрүнүштөрдүн кызыктуулугун да баалашты.
- Мен бүгүн Зак Фейрмин. Кыялына шашкан жоокер.
- Бул, чынында, соодагер. Бирок мен көргөн эң эле көңүлдүү соодагерлердин
бири. Сиз ага жакындаганда аракетке этет. кош келиңиз, эмне кызыктырат?
Уюштуруучулардын айтымында, Астанадагы Comic Con кыска мөөнөттө аймактын
креативдүү индустриясы дүйнөсүндөгү башкы окуяга айланды. Ошондой эле,
фестивалдын экономикалык таасири да таасирдүү. Эсептөөлөр боюнча, иш-чаранын
жүрүшүндө шаар экономикасына 3,5 млрд теңге түштү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

