Казакстандык кинематографиянын
дүйнөлүк аренада таанымалдыгы өсүүдө. Актерлор менен режиссерлордун мыкты
чеберчилиги өлкөнүн маданияты менен искусствосуна көпчүлүктүн көңүлүн бурууда.
Канн, Берлин, Венеция кинофестивалдарында казакстандык киноиндустрия чеберлери
тарткан картиналарды көп көрүүгө болот. Жакында Кытайда өткөн Шанхай
Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн кинофестивалында «Мыкты актер» номинациясын
казакстандык актер Бакыт Кажыбаев жеңип алды. Сынакка бардыгы 10 өлкөдөн 20
картина катышты.
Рашид Сүлейменов, режиссор:
- Көптөгөн өлкө абдан күчтүү
тасмаларды алып келишкен. Биз атаандаштыктын өтө жогорку деңгээлде экенин
түшүндүк. Натыйжада биздин тасмабыз «Мыкты актер» номинациясында жеңишке жеткенин
билгенде аябай кубандык. Өзгөчө эмоция болду. Биз үчүн бул күтүүсүз белек
болду. Ошол эле учурда бул - сыймык. Албетте, бул, эң алды менен, ушул тасмада
башкы ролду жараткан актер Бакыт Кажыбаевдин актердук талантын жана команданын
эмгегин моюнга алуу деген сөз. Бул сыйлык бүткүл Казакстанга жана бардык
көрүүчүлөргө, кино сүйүүчүлөр коомуна таандык.
Улуттук стендде 25 көркөм,
даректүү, анимациялык фильм сунушталды. Алардын ичинен калыстар тобу «Набат
операциясы» тасмасын өзгөчө баалады. Бул чыныгы окуяга негизделип тартылган.
Анда 1992-жылы бирдин айында автобуста 30 адамдын барымтага алынганы баяндалат.
Казакстандык күч түзүмдөрүнүн кесипкөйлүгүнүн аркасында операция ийгиликтүү
аяктаган болчу.
Рашид Сүлейменов, режиссор:
- 92-жылкы окуяга байланыштуу
айтарым бул - СССРдин кыйрап жаткан кези. Ошол кезде мурдагы союздук
республикалар түрмөдөгү соттолуучулары менен алмашат. Ошол жылы бирдин айында
Өзбекстандан Орусиянын Самарасына жазасын өтөөчүлөрдү ташуу жүрүп жатат. Талаа жарым
станциясында алтыбы, төртпү соттолуучу, так эсимде жок, колоннаны бузуп,
талаага качкан. Бирок алар курчоого алынат. Жазасын өтөөчүлөр
Кызылорда-Сарыагаш багытындагы рейстик жүргүнчүлөр автобусун басып алат.
Чыгармада баары - башынан аягына чейин чындык. Ар бир көрүнүш чыныгы окуя. Бул
тарых. Ушул күнгө чейин коопсуздук кызматкерлеринин теориялык курстарында
изилденип келет. Алардын окуу китептерине кирди. Ошондуктан бул окуя тасма катары
тартылууну талап этти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

