Түркмөнстанда Казакстан менен Азербайжан маданиятынын күндөрү өттү

Түркмөнстанда Казакстан менен Азербайжан маданиятынын күндөрү өттү

Казакстан менен Азербайжандын маданият күндөрү Түркмөнстандын Аваза шаарында болуп өттү. Алар деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун үчүнчү конференциясынын алкагында уюштурулган. Майрам боордош элдердин ортосундагы маданий алмашуунун жана достуктун жаркын символу болуп калды. Салтанатта коноктор турмуш-тиричилик буюмдарын, улуттук кийимдерди, тарыхый артефакттарды көрүп, өлкөлөрдүн салттуу тамактарынан даам тата алган көргөзмө аянтына баруу менен башталды. Казакстандык экспозиция коноктордун өзгөчө көңүлүн казакстандык чеберлердин уникалдуу улуттук жасалгаларынан баштап, боз үйдүн макетине чейин кол өнөрчүлүктүн байлыгы менен бурду. Азербайжан тарап элдик ырлары жана бийлери менен элди кубантты. Казакстан, Түркмөнстан жана Азербайжан артисттеринин биргелешкен концерти көрүүчүлөргө биримдик менен достуктун маанайын тартуулап, майрамдын туу чокусу болду.

Нурлан Ногаев, Казакстан Республикасынын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Бул иш-чаранын алкагында алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген бардык конокторго, ошондой эле Авазанын тургундарына – Түркмөнстандын жарандарына бардык өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Биздин маданият ишмерлери – булгарыдан, сөөктөн, күмүштөн, жүндөн, териден жасалган буюмдарды көрсөткөн кол өнөрчүлүк өкүлдөрү келишти, элдик кол өнөрчүлүк абдан көп болду.

Которгон: Назира Бегалиева