КЭА чыгармачылык жамааттардын республикалык фестивалы өттү

КЭА чыгармачылык жамааттардын республикалык фестивалы өттү

Ынтымак, биримдик, келишим. Астанада Казакстан элдери Ассамблеясынын Чыгармачыл топторунун алгачкы республикалык фестивалы өттү. Өнөр сынагы уникалдуу түзүмдүн 30 жылдыгына арналган. «Элдик бий», «элдик ыр» жана «элдик аспаптар» номинацияларында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 25 жеңүүчү жана байге ээлери сыйланды. Абай облусунан келген «Асыл апалар» жамааты алдыңкы үчтүккө кирди.


Карлыгаш Тилекова, «Асыл апалар» чыгармачыл жамаатынын мүчөсү:


- Чоң эне-эжелерибиздин маанайы абдан жакшы. Иш-чара үчүн уюштуруучуларга рахмат. Командада 10 чоң эне-эжелерибиз болду. Улуусу 80 жашта, кичүүсү 50 жашта. Баары небере, чөбөрөлүү. Сынакта «Дедим-ай, ау!» ырын аткардык.


Фестивалдан жаштар да четте калган жок. «Ассамблея жаштары» - уникалдуу институттун келечектеги кадрдык резерви. Алар бакчаларын республикалык жана эл аралык сынактарда сынап көрүшөт.


Тимур Жумырбаев, «Ассамблея жаштары» төрагасы:


- Сахнага көптөгөн жаштар чыгышты. Алар биздин улуттук маданиятыбызды жайылтууну жана өнүктүрүүнү улантышууда. Казакстан элдери Ассамблеясынын чыгармачыл жамааттары тарабынан демилгеленген бул демилге эми чыгармачыл жаштарга багыт болуп, колдоо көрсөтүүгө тийиш. Бул өтө маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков