Мунай менен газ жеткирүү туруктуулугу

Мунай менен газ жеткирүү туруктуулугу

Өкмөт ички рынокту мунай жана газ менен камсыздоонун туруктуулугун жеткирүү маселесин талкуулады. Премьер-министр Алихан Смаиловдун төрагалыгы алдында өкмөттө Энергетика боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Катышуучулар жаңы инвестициялык долбоорлорду газ менен камсыздоону, жогорку деңгээлде кайра иштетилген өнүмдү өндүрүүчү кластерлерди түзүүнүн алкагында ички рынокко газды үзгүлтүксүз жеткирүү маселелерин көңүл сыртында калтырышкан жок. Бул үчүн тиешелүү энергетикалык инфраструктураны кеңейтүү жана жаңыртуу зарыл. Ошону менен бирге мунайдын ички рынокко магистралдык куурлар аркылуу үзгүлтүксүз жана авариясыз ташылышын камсыз кылуу маселелери талкууланды. Талкуунун жыйынтыгы боюнча өкмөт башчы мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков