Казакстан
менен Пакистан 2024-жылы өз ара кызматташтыгын бекемдейт. Биринчи кезекте -
соода жана экономика тармагында. Бул үчүн эки өлкөнүн транспорт мекемелеринин
жана логистикалык компанияларынын биргелешкен иш-чараларынын тизмеси көбөйөт.
Казакстандын Пакистандагы элчиси Silk Way телеканалына берген маегинде тараптардын
мамилелеринин мүмкүнчүлүктөрү жана дарамети тууралуу айтып берди. Ержан
Кыстафин Казакстан үчүн Пакистандын базары
абдан кызыктуу экенин белгиледи. Бул өлкө калкынын саны 250 миллион
адамга жеткендигин эске алсак, агроөнөр жай комплексинин товарларын көп өлчөмдө
экспорттоого болот. Мындан тышкары, Пакистан менен соода-сатыкты өнүктүрүү
менен Казакстан Түштүк-Чыгыш Африка өлкөлөрүнүн рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк
алат. Жалпысынан өлкө Пакистанга 21 миллион долларлык товардын 40 түрүн
экспорттоого даяр.
Ержан Кыстафин, Казакстандын Пакистандагы элчиси:
- Мындай шартта биз
айыл чарба тармагынын товарларын ойлонуп жатабыз. Буга кошумча биз унаа жасоо
жөнүндө кеп козгодук. Муну менен катар биз энергетикалык ресурстарыбызды
Пакистандын рыногуна өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Казакстан
менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн
биринчи кезекте эффективдүү транспорттук-логистикалык системаны түзүү зарыл.
Эки өлкө саясий диалогду
тереңдетип, маданий-гуманитардык алакаларды түзүшөт. Быйылкы жылы Казакстанга
Пакистандын улуттук ассамблеясынын делегациясынын келиши пландаштырылган.
Кошумчалай кетсек, Пакистандын башчысы ШКУнун Астанадагы саммитине катышаары
күтүлүүдө. Өз кезегинде Казакстандын премьер-министри баштаган делегация
Исламабадга барат. Анда ШКУнун өкмөт башчыларынын жолугушуусу болот.
Ержан Кыстафин, Казакстандын Пакистандагы
элчиси:
- Бул көп
тараптуу иш-чаралардын алкагында биз эки мамлекет башчыларынын ортосундагы эки
тараптуу байланыштын күн тартибин талкуулоону пландап жатабыз.
Маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү багытында быйыл Абайдын
кара сөздөрүн Пакистандын ар бир провинциясындагы тилдерге которуу жумуштарын
аяктаганыбызды сыймыктануу менен айткым келип турат. Мындан тышкары, биз бир
жыл бою Казак улуттук университети жана Исламабаддагы Заманбап тилдер
университети менен биргеликте сөздүктүн
үстүндө иштедик. Казак-урду-англис тилдеринде сөздүк даярдадык. Мындан тышкары,
жогорку окуу жайларынын ортосундагы байланышты чыңдап жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков