Мунай менен газдын бирдиктүү рыногун түзүү

Мунай менен газдын бирдиктүү рыногун түзүү

Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн аймагында бирдиктүү мунай жана газ рыногун түзүү казакстандык өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Мындай пикирин серепчи Олжас Байдилдинов билдирди. Анын айтымында, Бажы биримдигинин алкагында чийки затты сатуу боюнча биргелешкен желенин  ачылышы тармактын өнүгүшүнө жаңы дем берет. Бул биринчи кезекте ата мекендик ишканалар үчүн пайдалуу, башкача айтканда, алар өздөрүнүн өнүмдөрүн Казакстандын ичинде эле эмес, чет өлкөлөргө да экспорттоого мүмкүнчүлүк алышат. “Албетте, мындай өзгөртүү чийки заттын кымбатташына алып келет” - дейт талдоочу. Учурда өлкөдө энергиянын наркы дүйнөдөгү эң төмөн баалардын катарына кирет. Бул республиканын мунай-газ тармактарынын инвестициялык жагымдуулугуна терс таасирин тийгизүүдө.

Олжас Байдилдинов, серепчи:

- Бул Евразиялык экономикалык биримдик эле эмес, дүйнөнүн бардык мамлекеттери тарабынан субсидияланбаган баага өтүшү керек деген Дүйнөлүк соода уюмунун талабы. Анткени энергетикалык ресурстардын жана башка чийки заттардын наркы субсидиялана турган болсо, анда атаандаштыкка бирдей эмес шарттар түзүлөт. Башкача айтканда, Казакстанда өндүрүлгөн өнүм Европада өндүрүлгөн товарлар менен атаандаша албайт, анткени эски континентте энергия алып жүрүүчүлөрдүн баасы кыйла кымбат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр бирдиктүү газ рыногун түзүүдө. Ал  боюнча келишим 2025-жылдын башына чейин күчүнө кириши керек. Документтин айрым аспектилери дагы деле талкууланып жатат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков