Экспорт көлөмү көбөйдү

Экспорт көлөмү көбөйдү

Казакстандын дүйнө мамлекеттери менен соодасы эки эсеге өстү. Эл аралык соода жүгүртүү 7,4 пайызга өсүп, 53 миллиард долларды түздү. Анын ичинде экспорттун көлөмү жогорулады. Жыл башынан бери Казакстан чет өлкөгө жалпы көлөмү 32 миллиард долларлык өнүмдү экспорттоду. Анын көбү Кытайга таандык. Биринчи жарым жылдыкта Кытай Эл Республикасына жалпы суммасы 5 жарым миллиард долларлык товар сатылган. Ал эми Казакстандын рыногуна алынып келинген өнүмдүн көбү Орусияда өндүрүлөт. Коңшу өлкө быйыл 9 миллиард долларга жакын товар жөнөткөн. Белгилей кетсек, акыркы жылдары Орусия менен товар жүгүртүү көбөйүп, быйыл анын көлөмү 12 миллиард долларга жетти. Муну менене катар Италия менен өз ара сооданын өсүшү да байкалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков