Казакстандын түштүгүндөгү жаңы долбоорлорго инвесторлор каражат салууга даяр

Казакстандын түштүгүндөгү жаңы долбоорлорго инвесторлор каражат салууга даяр

Маселен, Түркестан облусунда кубаттуулугу 50 МВт болгон күн электр станциясы курулуп жатат. Облустук акимчиликтен билдиришкендей, долбоорду италиялык инвестор каржылаган. Күн станциясын ишке киргизүү 12,5 миллиард теңгеге бааланууда. Объект 2023-жылдын биринчи жарымында пайдаланууга берилет. Ал эми кайра жанма энергия боюнча экинчи долбоор орусиялык инвестордун каржылык колдоосу менен жүзөгө ашырылды. 20 МВт күн станциясынын баасы 9 миллиард теңге. Быйыл ал пайдаланууга берилет деп мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков