BRENT маркалуу мунай баасы баррелине 97 доллардан төмөн түшүп кетти

BRENT маркалуу мунай баасы баррелине 97 доллардан төмөн түшүп кетти

Brent мунайынын баасы бир суткада баррелине 97 доллардан төмөн түштү. Бул чын куран айынын 16сынан берки биринчи учур. Лондон биржасынын соода жыйынтыгы. Тогуздун айы фьючерстери болжол менен 2% га төмөндөдү. Аяк оона айында WTI маркасындагы мунайдын баррели 94 доллардан сатылууда. Эске сала кетсек, баанын төмөндөшүнө АКШдагы мунай запастары боюнча жарыяланган маалыматтар таасир эткен. Өлкөнүн Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, “кара” алтындын кору 3 миллион баррелден ашык көбөйдү. Ал эми адистердин айтымында, ал төмөндөшү керек болчу. Ошондой эле, мамлекетте 6 миллион баррелге жакын күйүүчү май бар. Серепчилердин айтымында, ведомствонун статистикасы базардагы суроо-талаптын басаңдаганын көрсөтүүдө.