Ошентип, Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, кытайлык компания суусуздандырылган жашылчаларды өндүрүү боюнча завод курууга кызыкдар. Долбоор беш жылдан бери Жамбыл облусунда үч этап менен ишке ашырылууда. Жалпы инвестициянын көлөмү 30 миллион долларды түзөт. Ал эми Костанай облусунда ушул айда буурчак өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү жаңы завод ачылат. Долбоор түрк агроөнөр жай компаниясы тарабынан ишке ашырылууда. Өндүрүштүк кубаттуулугу 170 миң тоннага жакын буурчак, кызыл жана жашыл жасмык, нокот жана буудайдын катуу сорту. Биринчи этапта инвестициянын көлөмү 8,5 миллион долларды түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков