Мунайдын баасы дүйнөлүк базарларда арзандады. Дүйшөмбү күнү кечиндеги соодада биржадагы кара алтындын баасы 2,5 пайызга төмөндөдү. Буга чейин баалар 4 пайызга кыскарган эле. Бир нече апта ичинде алгачкы жолу Brent маркалуу чийки зат 69 доллардан төмөндөсө, ал эми WTI 67 доллардан сатылды. Инвесторлор азыркы учурда тынчсыздануусун билдиришти. Алардын айтымында, бул дүйнөлүк мунайга болгон суроо-талаптын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Мындай кырдаал Кытайдагы жаңы чектөөлөргө жана бул багытта трафиктин азайышына байланыштуу болууда. Быйылкы жылдын экинчи чейрегинде сегиз ири мунай компаниясынын жалпы кирешеси 45 миллиард доллардан ашкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков