Казакстанда бизнести мамлекеттик көзөмөлдөө системасы автоматташтырылат

Казакстанда бизнести мамлекеттик көзөмөлдөө системасы автоматташтырылат

Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында айтылды. Өткөн жылы мамлекеттик көзөмөлдүн 35 багыты санариптештирилип, 16 маалыматтык система Smart Data Ukimet долбооруна киргизилген. Калган тиешелүү иштердин баары быйыл толугу менен бүткөрүлөт. Ошондой эле, мамлекеттин ишкердикти таза барактан жөнгө салуу жумуштарына талдоо жүрүгүзүү үчүн бизнес чөйрөсүнөн 100дөн ашык серепчи тартылган. Жыйынтыгында жаңы жөнгө салуу саясатына туура келбеген бизнеске 10 миңден ашык талаптар аныкталган. Учурда бул кемчиликтерди жоюу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат.

Алибек Куантыров, улуттук экономика министри:

- Ошону менен бирге, жөнгө салуучу чөйрөлөрдү талдоонун негизинде Smart Data Ukimet платформасында ишкердик чөйрөсүндөгү милдеттүү талаптардын реестри ишке киргизилди. Бул ченемдик укуктук актыларды үзгүлтүксүз негизде кайра карап чыгууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда бизнес чөйрөсүнө терс таасирин тийгизген талаптар үчүн Регламенттик гильотина ыкмасы колдонулат. Анда талаптарды бузган ишкерлерди административдик жоопкерчиликтен бошотуу каралат.

Бул багыттагы комплекстүү чаралар Казакстанда 2029-жылга карата чакан жана орто бизнесте иштегендердин санын 4,7 миллионго чейин көбөйтүүгө жана мамлекеттин экономикадагы үлүшүн 14%га чейин кыскартууга мүмкүндүк берет. Бул биринчи кезекте бизнес чөйрөсүн жакшыртуу, жеке ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү маселеси, дешет бийлик өкүлдөрү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков