Кытай компаниялары Казакстанга инвестиция салууга даяр. Планда буудайды кайра иштетүү заводунун курулушу бар. Ал келерки жылы башталат. Ошондой эле, КЭР-нын ишкерлери сууну чачыратуучу унаалар менен тамчылатып сугаруу системасын орнотуу, томат пастасын өндүрүүнү жолго коюуга жана башка долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьер-министри Серик Жумангарин менен Кытайдагы ири компаниялардын жетекчилеринин Үрүмчүдөгү жолугушуусунда белгилүү болду. Эске сала кетсек, казак делегациясы Кытайда иш сапары менен жүрөт. Анын курамында 250-дөн ашык мамлекеттик органдар жана жеке сектордун өкүлдөрү бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков