Быйыл жумуш менен камсыздоо жол картасына 300 миллиард теңге бөлүндү

Быйыл жумуш менен камсыздоо жол картасына 300 миллиард теңге бөлүндү

Жумуш менен камсыз кылуунун жол картасын ишке ашырууга быйыл 300 миллиард теңге бөлүндү. Өкмөт мындай көлөмдөгү ири сумма бир эле учурда бир нече ири инфраструктуралык долбоорду илгерилетүүгө жумшаларын түшүндүрдү. Министрлер кабинетинин башчысы Аскар Маминдин айтымында, аталган программаны ишке ашыруу аркылуу дээрлик 36 миң жаңы жумуш оруну түзүлөт.

Аскар Мамин, Казакстандын Премьер Министри:

- «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын жана акимчиликтердин катышуусу менен микрокаржылык уюмдар аркылуу 22 жарым миллиард теңге суммасында бизнес долбоорлорду каржылоо мерчемделүүдө. Аймактарда ишкердикти өнүктүрүүгө 50 миллиард теңге багытталат. «Байтерек» холдинги аркылуу Агроөнөр жай комплексинин инвестициялык долбоорлорун каржылоого 100 миллиард теңге бөлүнүп берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков