Жыл башынан бери өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсүнүн өсүшү дээрлик 40% жакындады. Соода алмашуу артып, тышкы сооданын көлөмү 63,7 миллиард долларга жетти. Ошол эле учурда экспорттун темпи жогорулаганын байкоого болот. Акыркы жарым жылда чек арадан өткөн ата мекендик өнүмдүн көлөмү 56%га өсүп, 42 миллиарддан ашык долларга сатылган. Кайра иштетилген казакстандык товарлардын үлүшү артып, өсүш 33 жарым пайыздан ашып түшкөн. Негизги капиталга инвестициянын көлөмү да аз эмес. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда төрт жарым пайызга көп. Жалпысынан үчтүн айы-теке айларында экономика 3,3% өстү. Ишкердик активдүүлүк жанданып, реалдуу сектор күч алды. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында социалдык-экономикалык өнүгүү тууралуу маалымат берүүдө Улуттук экономика министри билдирди.
Алибек Куантыров, Казакстандын Улуттук экономика министри:
- Реалдуу сектордо өсүш 3,4, тейлөө тармагында ишкердик жигердүүлүк 2,5 пайызга чейин артты. Алардын ичинен курулуш, маалымат жана байланыш, соода, транспорт, кампа чарбасы, кайра иштетүү жана тоо-кен өнөр жайы, айыл чарбасы алгылыктуу өсүштөрдү көрсөтүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков