Казакстанда жеңил жана жеңил коммерциялык унаа өндүрүшү тездик менен өсүүдө. Мисалы, 2021-жылдын тогуз айына салыштырмалуу өндүрүш дээрлик 30%га өскөн. Бул пандемияга чейинки көрсөткүчтөн 2,4 эсеге көп. Сатуу да оң динамикасын көрсөтүүдө. Үчтүн айы-аяк оона айларындагы көрсөткүчтөр 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 68%га өскөн. Тармак адистери буга биринчи кезекте өндүрүш көлөмүнүн жана сатуудагы ата мекендик автоунаалардын үлүшүнүн өсүшү себеп болгонун айтышат. Ал эми дүйнөдөгү кырдаалга келсек, мында кырдаал башкача өнүгүп жатат. Мисалы, бул мезгилде АКШда унаа сатуу 2019-жылга караганда 20%га аз болгон. Жапонияда — 24,5 пайыз, Батыш Европада — 32 пайызга азайган. Ал эми коңшу Орусияга келсек, мында көрсөткүч дароо 60% га төмөндөгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков