Казакстанда жылдык инфляция соңку 7 ай катары менен төмөндөөдө

Казакстанда жылдык инфляция соңку 7 ай катары менен төмөндөөдө

9 айда өлкөнүн экономикасынын өсүү темпи 5%ды түздү. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында Улуттук экономика министри билдирди. Алибек Куантыровдун айтымында, адаттагыдай эле курулуш, соода, маалымат жана байланыш тармактарынын ыргагы жогору. Негизги капиталга салынган инвестициянын өсүшү 12 пайыздан ашты.  Үчтүн айы-баш оона айларында тышкы соода жүгүртүү бир аз өсүп, 91 миллиард долларды түздү. Жарымынан көбү экспорттун үлүшүнө туура келет. Анын үчтөн бир бөлүгүн ата мекендик кайра иштетилген өнүм ээледи.  Ишкердик активдүүлүктүн жогорулашына карабастан өндүрүштүн өздүк наркынын төмөндөшү байкалат. Натыйжада акыркы 7 ай катары менен өлкөдө инфляциянын жылдык деңгээли басаңдады.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-Министри:
- Жыл аягына чейин 2,5 ай калды. Экономиканын бардык тармактарында өсүү ыргагын жогорулатуу үчүн ишти күчөтүү жана конкреттүү чараларды көрүү зарыл. Бардык жооптуу мамлекеттик органдар жана акимчиликтер азык-түлүк бааларын турукташтыруу жана ата мекендик азык-түлүк өндүрүшүн шыктандыруу боюнча жигердүү иштерди улантуулары зарыл. Мунай эмес секторлордо, анын ичинде өндүрүш, айыл чарба, транспорт, логистика, IT, туризм жана башка тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүгө, чет элдик жана ички инвесторлорду тартууга басым жасоо керек.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков