Мугалимдер мектептерде жапон методикасын киргизүүнүн артыкчылыгын талкуулады

Мугалимдер мектептерде жапон методикасын киргизүүнүн артыкчылыгын талкуулады

Ага чет элдик серепчилер менен бирге өлкөнүн бардык аймактарынан билим берүү тармагынын адистери катышты. Жалпысынан жыйынга 500дөй катышуучу чогулду. Белгилей кетсек, Казакстанда он жылдан бери «Lesson Study» практикасы акырындык менен мамлекеттик мектептерге киргизилип келет. Программа негизинен мугалимдердин жамааттык иштерине багытталган. Өзгөчөлүгү мына ушунда. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, бул жолугушуу алдыда боло турган эл аралык конференцияга даярдык болот, ага кырк өлкөнүн мугалимдери катышат.

Ануар Жангозин, НИМ АК башкарма төрагасы:

- Назарбаев интеллектуалдык мектептери жана Педагогикалык чеберчилик борбору бул программаны жигердүү жайылтып, ар бир мектепте машыктыруучулар менен мугалимдерди даярдап, аны ишке ашыруунун жолдорун мугалимдерге үйрөтүү менен алектеништи. Конференциянын жүрүшүндө мугалимдердин жүздөн ашык илимий-изилдөө жыйынтыктары көрсөтүлөт. Назарбаев интеллектуалдык мектептери менен Педагогикалык чеберчилик борбору биринчи эл аралык Lesson Study конференциясын өткөрөт, ага 40тан ашык башка өлкөнүн өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков