Нур-Султандын урбанисттери чет элдик тажрыйбаны колдонушууда

Нур-Султандын урбанисттери чет элдик тажрыйбаны колдонушууда

Борбордогу эң татаал 2 чакырым. Нур-Султандагы Бараев көчөсүн архитекторлор жай баштала электе ушинтип тамашалап атаган эле. Учурда аталган көчөдө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Турсын Жиенбаева, Нур-Султан шаардык урбанистика борборунун архитектору:

- Тоскоолдуксуз көчө салынды. Тротуарлар кеңейтилип, керексиз тосмолор демонтаждалды, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү бийик өтмөктөр курулду.

Нур-Султан - дүйнөдөгү эң жаш жана тез өнүгүп жаткан борбор шаарлардын бири. Андыктан ал модалуу көрүнүшү керек. Шаар куруучулары милдетти жакшы билишет жана урбанизмдин эң заманбап формаларынан шыктанышат. Бул жаатта Европа өлкөлөрү алдыңкы орунда.

Рельефтик көчөлөрдө клинкер кышы колдонулат. Архитектуранын бул түрү көптөгөн өлкөлөрдө бар. Биз Лондонду мисал катары алдык.

Кошумчалай кетсек, борбор калаада буга окшош бир нече имараттар ачылган. Алардын арасында Тынчтык жана ынтымак сарайынын жанында жайгашкан амфитеатрды атоого болот. Жалпысынан жыл аягына чейин шаарда 200дөн ашык короо жана коомдук жайларды куруу, оңдоп-түзөө пландалууда.

Аслан Кандыгулов, Нур-Султан шаардык урбанистика борборунун кызматкери:

- Биз постмодерн дүйнөдө жашап жатабыз. Азыр бардыгы ойлонуштурулган. Негизинен экологияга оң көз караш менен карайбыз. Аны шаардын имараттарында көрсөтүүгө аракет кылабыз, албетте этно элементтерибизди кошууну унутпайбыз. Тескерисинче, таптакыр жаңы мейкиндиктер пайда болот.

Ата мекендик серепчилердин айтымында, Казакстандагы мегатренддердин бири жарандардын айылдан шаарга миграциясы. Бул тенденция келечекте дагы уланат. Республикадагы негизги өсүш Нур-Султан, Алматы жана Шымкент шаарларына туура келет. COVID-19 эпидемиясынан кийин кайрадан күч алып жаткан туризм секторун эстен чыгарбоо зарыл. Ага жараша шаар тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн заманбап чечимдер керек.

Марк Брюшко, кабарчы:

- Белгилей кетсек, Казакстандын борборунда тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүү боюнча эң масштабдуу иштер Республика проспектисинде жүргүзүлгөн. Бул борбордун негизги көчөлөрүнүн бири. Өткөн жылы жай мезгилинде мындагы жол тегизделген. Эми мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, балдары бар ата-энелерге жолдун чети, чуңкурлар тоскоолдук жаратпайт.

Шаар куруучулар келечекте бардык коомдук жайларды, өзгөчө велосипед жана жөө жүргүнчүлөр жолдорун бириктирүүнү көздөшүүдө. Мындай жаңычылдык былтыркы жылы шаардык сейил бактарда жасалган. Ошентип борбордо дагы бир туристтик жай пайда болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков