Словакияда «Улуу талаа символдору» этнографиялык экспозициясы өттү

Словакияда «Улуу талаа символдору» этнографиялык экспозициясы өттү

Шаморин шаарында беделдүү эл аралык турнир – ат поло боюнча мамлекеттик чемпионаттын алкагында “Улуу талаанын символдору” этнографиялык экспозициясы өттү. Өлкөнүн элчилигинен билдиришкендей, Европадагы эң чоң 20 тонналык күлүк аттын айкелинин этегине казак элинин улуттук боз үйү орнотулду. Көчмөндөрдүн турак жайларынын айланасындагы экспозицияда казактардын байыркы өнөрү – кийиз жасоо, боз үй жасоо чеберчилиги, ошондой эле домбра чертүү өнөрү тууралуу маалымат стенддери коюлду. Ошондой эле улуу талаадагы көчмөндөрдүн жылкы багуу, мал чарбачылык салттары тууралуу да көп маалыматтары камтылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков