Бакуда үчүнчү жолу өткөрүлгөн «STEAM Azerbaijan 2023» эл аралык фестивалында Казакстандын 6 командасы мыктылардын катарына кирди. Өлкө намысын 8-17 жаш аралыгындагы балдар коргоду. Фестивалдын катышуучулары «Robokids», «Келечектеги инженерлер», «Мехатроника», «Кайык жарышы», «Хакатон», «VEX робототехникасы» жана башка жатта ат салышты. Ага 11 өлкөдөн, атап айтканда, Чехия, Нидерланды, Словакия, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Улуу Британия, Казакстан жана Азербайжан өлкөлөрүнөн 293 өкүл катышты. Иш-чаранын негизги максаты - санариптик билим деңгээлин жогорулатуу, 21-кылымда окуучулар менен студенттердин арасында керектүү көндүмдөрдү өнүктүрүү болуп саналат. Уюштуруучулардын айтымында, мындай сынактар инновация жана санариптештирүү жаатында эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүүгө жардам берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков