Германияда казакстандык композитор операсынын бет ачары өттү

Германияда казакстандык композитор операсынын бет ачары өттү

Германиянын Гамбург шаарында казак композитору Айгерим Сеилова англис тилиндеги опералык мультимедиясын тартуулайт. Бештин айынын 2де 360 градустук үнгө негизделген жаңы стилдеги классикалык музыканын бет ачары болот. Өнөр сүйүүчүлөр коомчулугу жандуу музыка менен электрондук үндөрдүн гармониясына каныгып, виртуалдык музыкалык саякатка чыгышат. Масштабдуу жана таасирдүү программаны түзүүгө 25 эл аралык деңгээлдеги музыка чеберлери катышууда. Аны ишке ашырууга эки жылдай убакыт кеткен.

Айгерім Сеилова, композитор:

- Бул 90 мүнөттүк композиция видео инсталляцияга негизделген жана солисттер, опера ырчылары менен чакан камералык оркестрге арналып жазылган. Башкача айтканда, сценография толугу менен видео артист алмаштырат. Электрондук акустика да колдонулат. Жандуу үндөн тышкары, ар кандай сенсорлор аркылуу электрондук үндөр кошулат.

Ата мекендик композитордун чыгармасынын бет ачары өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулууда. Музыкант өзүнүн музыкасы жана өнөр тили аркылуу Казакстандын атынан чыкканына сыймыктанат. Айгерим Сейлова жеке аспаптар жана камералык оркестрлерге арналган 200гө жакын эмгектин автору. Анын чыгармаларын дүйнөнүн чоң сахналарында мыкты музыканттар аткарып жүрүшөт. Айгерим жыл сайын дүйнөдөгү эң мыкты композиторлордун бирине гана берилүүчү Хиндемит сыйлыгынын ээси.

Которгон: Илгиз Жамалбеков