Борбордогу ишкерликтин 2 200 субъектиси «Ashyq» долбоорунун катышуучулары болуп калды. Программа карантинди бузуучуларды аныктоого жардам берет. Долбоорго ушул тапта борбордун базарлары кошула баштады. Учурда 18 базардан төртөө QR-код алды.
Нурлан Нурмаганбетов, соода борборунун директору:
- Биз буга көптөн бери даярдандык. Кире бериштерде тиешелүү иштер аткарылды. Өзүңөр көрүп тургандай, QR-коддор илинген.
Куанышбек Мукаш, Нур-Султан ш. "Атамекен" ишкерлер палатасынын директорунун орун басары:
- Аянты 2000 метрден ашкан жабык базарлар изилдөөлөргө байланыштуу негизги жол-жоболордон өтүш керек. Башкача айтканда, аймактык департамент же санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгы келип, талаптарга ылайыктуулугун текшериши керек. Андан соң алар шайкештик актысын алат. Ошондон кийин «Инфо-Казахстан» порталында өз билдирүүсүн беришет. Анан бизден QR-код алышат.
Ишкерлердин улуттук палатасында өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин жаңы токтомун күтүп жатышат. Ал базарлар жана соода борборлору программага катышуучу болор-болбосун аныкташ керек.