Казакстанда 2021-жылы ички туристтердин рекорддук саны катталды

Казакстанда 2021-жылы ички туристтердин рекорддук саны катталды

Казакстанда туризм тармагы калыбына келүүдө. Муну статистика көрсөткүчү далилдеп турат. Маселен, өткөн жылы республикада 7 миллионго жакын адам эс алган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 35% жана 2019-жылга салыштырмалуу 5% жогору, деп маалымдайт «Kazakh Tourism» улуттук компаниясынын басма сөз кызматы. Ошол эле учурда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына келген эко-туристтердин арасында эң жогорку көрсөткүч катталды. Алардын саны бир жарым миллионго жакындады. Курорттор жана башка пансионаттар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 109 миллиард теңгени же коронавирустук пандемияга чейинки мезгилдин 90 пайызын түздү. Адистердин айтымында, чет элдик туристтердин саны өскөнү байкалат. Өткөн жылы өлкөгө 330 миң чет элдик турист келген, бул 2020-жылга салыштырмалуу 31%га көп. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын башынан бери 74 өлкө менен визасыз режим калыбына келтирилгени белгилүү болду. Чет өлкөдөн келүүчү туристтердин агымы 2024-жылы гана толук калыбына келет дешет серепчилер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков