Казакстан менен Катар аскердик кызматташуу тууралуу макулдашты. Мажилис өткөн жылы тараптар кол койгон тиешелүү документти кабыл алды. Башкача айтканда, өлкөлөр үчүн Илим жана медицина сыяктуу тармактарда аскердик билим жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ошондой эле, аскердик багыттагы маданий-спорттук иш-чаралар, тынчтыкты сактоо операциялары боюнча кеңештер, күжүрмөн даярдык жагы да каралган. Анын алкагында эки мамлекеттин ыйгарым укуктуу органдары биргелешкен жумушчу топ түзүшөт, ал өз ара аракеттенүүнү уюштурат жана координациялайт. Белгилей кетсек, бүгүн Казакстан 20 мамлекет менен ушундай келишим түзгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков