Мамлекеттик кеңешчи Парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдар топтому тууралуу билдирди

Мамлекеттик кеңешчи Парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдар топтому тууралуу билдирди

Казакстандын Мамлекеттик кеңешчиси мыйзамдардын топтомун кабыл алууну Конституциялык реформаны ишке ашыруунун маанилүү этабы деп атады. Ерлан Карин өзүнүн Telegram-каналында алты конституциялык мыйзамдын – Президент тууралуу, Курултай жана анын депутаттарынын макамы, Казакстан Элдик Кеңеши, борбор шаардын макамы, Республиканын административдик-аймактык түзүлүшү жана бир катар конституциялык мыйзамдарды Конституцияга ылайык келтирүү жөнүндө – бир эле учурда жактырылышы мамлекеттик саясаттын концептуалдык демилгелерден конкреттүү укуктук механизмдерге системалуу жана ырааттуу өтүшүн тастыктайт деп белгиледи. Ерлан Кариндин айтымында, жаңы нормалар өлкөнүн жаңыланган мамлекеттик-саясий моделинин укуктук контурларын бекитет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков