2026-жылы Улуттук суу ресурстарынын маалыматтык системасын киргизүү мерчемделүүдө

2026-жылы Улуттук суу ресурстарынын маалыматтык системасын киргизүү мерчемделүүдө

Казакстанда суу ресурстарынын улуттук маалыматтык системасы иштелип чыгууда. Аны кийинки жылы ишке киргизүү пландалууда. Ал жер үстүндөгү жана жер астындагы суулар, гидротехникалык курулмалар жана башка объектилер боюнча маалыматтарды камтыйт. Ал эми ишке киргизилгенден кийин суу ресурстарын эсепке алуу жана башкаруу үчүн бирдиктүү платформа түзүлөт. Бул жерде жасалма интеллект жана космостук мониторингдин маалыматтары колдонулат. Ал өлкөнүн суу балансын, экономиканын жана казакстандыктардын сууга болгон чыныгы муктаждыктарын аныктоого, ресурстарды пайдаланууну талдоого жана мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, платформаны иштеп чыгуу Евразия өнүктүрүү банкынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.


Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:


- 2026-жылы биз системаны ишке киргизишибиз керек. Ар бир жаран системага кирип, өлкөнүн суу ресурстарынын абалы жөнүндө керектүү маалыматты ала алышы керек. Бул үчүн күн сайын комплекстүү иштер жүргүзүлүшү зарыл. "Казводхоз" республикалык мамлекеттик ишканасынын жана бассейндик инспекциялардын кызматкерлери системага киргизген маалыматтар так болушу керек. Бул маселеге чоң жоопкерчилик менен мамиле жасаңыздар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков