Казакстанда ядролук физиканы өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлдү. Тиешелүү документке Премьер-Министр кол койду. Анын курамына бир катар министрликтердин жетекчилери, ошондой эле тармактык медициналык жана изилдөө борборлорунун жана институттарынын жетекчилери кирет. Ядролук физиканы өнүктүрүү боюнча Кеңеш Өкмөттүн кеңеш берүүчү органы болот. Анын максаты- өлкөдө радиохимияны өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча демилгелер менен сунуштарды даярдоо.
Которгон: Илгиз Жамалбеков