Казакстан менен Монголия өз ара пенсия тармагындагы
кызматташтыкты бекемдейт. Мажилис ушул максатты көздөгөн документти кабыл алды.
Өкмөттөр аралык келишим эки өлкөнүн жарандарынын пенсия менен камсыздоо
жаатындагы укуктарын коргойт. Мыйзамдык документке ылайык, Казакстан менен
Монголия жарандарынын конуш оодарганда эки өлкөдө топтолгон жалпы иш тажрыйбасы
эске алынат. Пенсияны дайындоо жана төлөө жарандын туруктуу жашаган
мамлекетинин мыйзамдары боюнча жүзөгө ашырылат.
Виктория Шигай, Эмгек жана элди социалдык коргоо вице-министри:
- 2024-жылдын тогуздун айынын 29да мамлекет башчысынын
Монголияга болгон жумуш сапарынын алкагында өкмөттөр аралык келишимге кол
коюлган. Мыйзам долбоору бул келишимди ратификациялоону көздөйт. Казакстан
менен Монголиянын пенсия тармагындагы өкмөттөр аралык келишиминин мазмунуна
келсек, биринчиден жарандарга пенсия дайындоо тартибин жөнгө салуу, анын ичинде
иштеген жылдарын биргелешип эсепке алуу каралган. Ошондой эле, аскердик кызмат
жана жогорку, орто билим берүү мекемелериндеги окуу мөөнөтү эмгек стажына
жазылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

