Түрк мамлекеттеринин уюму соода-экономикалык, транспорттук жана инвестициялык кызматташтыкты ырааттуу түрдө кеңейтип, аймакта өсүү чекиттерин түзүүдө. Ортоңку коридордо өз ара аракеттенүүнү арттырууда чоң мүмкүнчүлүк бар. ТМУ өлкөлөрү жана Кара деңиздин түрк бөлүгү аркылуу өткөн маршрут Кытайдан Европага жүктөрдү тез жана коопсуз жеткирүүнү камсыздап, альтернативдүү багыттарга салыштырмалуу ташуу мөөнөтүн кыйла кыскартат.
Кюршад Зорлу, Түркиянын адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасынын орун басары:
– Казакстан Азиядагы Ортоңку коридордун негизги транзиттик түйүнүндө жайгашкан, ал эми Түркия бул маршруттун Европага чыгуучу жалгыз дарбазасы болуп саналат. Ошондуктан, Казакстан менен Түркиянын ортосундагы байланыштар бекемдеген сайын, Ортоңку коридордун дагы дарамети кеңейип, бул бүткүл Евразиянын соода-логистикалык системасына жана экономикасына олуттуу таасирин тийгизет.
Түркестан шаарындагы Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин темасы жасалма интеллектти өнүктүрүүгө жана санариптештирүүгө багытталган. Мажилис депутаты Айгүл Куспандын айтымында, бул катышуучу өлкөлөрдүн практикалык технологиялык интеграцияга, жалпы IT-хабдарды түзүүгө, киберкоопсуздукту камсыздоого багытталган курсун чагылдырат. Айгүл Куспан Казакстандын санариптик технологияларды укуктук жөнгө салуудагы тажрыйбасы, атап айтканда, кабыл алынган, иштеп жаткан Жасалма интеллект жөнүндөгү мыйзам жана Санариптик кодекс Бирикмеге мүчө өлкөлөр үчүн багыт боло аларын белгиледи. Ошол эле учурда, ТМУнун алкагындагы өнөктөштүк күн тартиби багыттардын кеңири спектрин камтыйт.
Айгуль Куспан, парламент маижилисинин депутаты:
– Маанилүү тема – бул инвестициялар, бири-бирибиздин экономикабызга инвестиция салып, өз ара инвестициялар үчүн абдан ыңгайлуу жана жакшы шарттарды түзүшүбүз керек. Өткөн жылы Казакстандын парламенти Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндөгү келишимди ратификациялаган. Азыр бул инвестициялык фонддо 600 миллион доллар топтолду. Алар кандайдыр бир конкреттүү инвестициялык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

