Монгол кагандарынын каттарынын жана жарлыктарынын көчүрмөлөрү көргөзмөдө

Монгол кагандарынын каттарынын жана жарлыктарынын көчүрмөлөрү көргөзмөдө

Улуу Монгол кагандарынын каттарынын жана жарлыктарынын көчүрмөлөрү Алматыда көргөзмөгө коюлду. Бул жерден чоң империянын негиздөөчүсү Чыңгыз хандан Мөңкеге чейинки башкаруучулардын сүрөттөрүн көрүүгө болот. Ошондой эле башкаруучулар ишеним грамотасы катары көрсөткөн алтын такталарды, 13-кылымдын монеталарынын чиймелерин көрө алышты. Уюштуруучулардын айтымында, экспозицияда Самаркандда жасалган алтын динарлардын чиймелери өзгөчө тарыхый мааниге ээ. Белгилей кетсек, көргөзмө Казакстан менен Монголиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналды.

Алуа Таңжарыкова, Абай атындагы университеттин филология институтунун мүдүрү:

Эми, маалыматтын ташкындаган мезгилинде, өзүнүн ошол кездеги тамыры тереңге кеткен көчмөндөрдүн рухун, цивилизациясын сүрөт түрүндө жандандыруу зарыл. Айтор, азыркы жаштарга ушундай бере билүү.

Эрдэнэхуяг Ариунболд, көргөзмөнүн автору:

Тарых менен таанышып, калдыктарды өз көзү менен көрүү ар кимдин колунан келе бербейт. Ал эми мындай көргөзмөлөр кайсы убакта болбосун тамыры орток, тарыхы орток элдин маданиятын таанытып, аларды жакындатат. Ал эми биздин сүрөттөрүбүздө чагылдырылган мурастар, улуу көчмөн цивилизациясынын кылымдар бою гүлдөп-өнүгүшүнүн далили.

Которгон: Илгиз Жамалбеков