Түркмөнстандын борборунда курулуш, өнөр жай жана энергетика тармактарындагы алдыңкы технологиялык чечимдер жана инновациялык жабдуулар тааныштырылды. Үч күндүк эл аралык көргөзмөдө саякатчылар жакынкы жана алыскы 100дөн ашык компаниянын жетишкендиктери менен таанышты. Көргөзмөгө Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Иран, БАЭ, Кытай, Индия, Жапония, Түркиянын мыкты үлгүлөрү коюлган.
Селахеттин Ыйлдыз, Экспорт боюнча менеджер, Түркия:
- Биз
рынокто монтаждык көбүк, мастика, желим жана жабыштыргыч өндүрөбүз. Биздин фабрика
Стамбулда жайгашкан. Биз Түркмөнстанда 17 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп
келе жатабыз. Бул көргөзмөдө биз дистрибьюторду колдоп, жаңы өнүмдөрүбүздү элге
сунуштадык.
Довлетгелди Байрамов, «Максатлы герчек» ишканасынын
адиси:
- Биздин ишкана дүйнөлүк
стандарттарга жооп берген жана 19 градус цельсий температурасына туруштук бере
турган жез кабелдерди өндүрүүнү ишке ашырды. Азыр биз бул өнүмдүн 40тан ашык
түрүн чыгарабыз. Келечекте өндүрүштү кеңейтип, Казакстанга, Өзбекстанга, Ооганстанга
жана БАЭге экспорттоону пландап жатабыз.
Иш-чаранын алкагында инновациялар, энергиянын
альтернативдүү булактарын жана энергиялык майнаптуулукту өнүктүрүү,
геотермалдык ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү боюнча конференция өттү.
Курулуш тармагын санариптештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тактап
айтканда, бул маалыматтык технологияларды, жасалма интеллектти жана объекттерди
долбоорлоо менен байланышкан маалыматтарды, ошондой эле объекттерди куруу жана
эксплуатациялоо долбоорлорун камтыйт. Мындай процесстерди оптималдаштырууга,
имараттардын сапатын жогорулатууга жана курулуштагы чыгымдарды азайтууга
мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков