Казакстан дүйнө өлкөлөрүн биологиялык коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө чакырды. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында өлкөнүн өкүлү Магжан Ильясов заманбап технологиялардын өнүгүшүнө алып келүүчү тобокелчиликтерди эске салды.
Ал ушул күнгө чейин аталган маселелерге жооп бере турган толук кандуу уюм жок, аны менен бүгүнкү күндө текшерүү механизмдери да каралбаганын билдирди. Ошол эле учурда, биологиялык курал массалык кыргын салуунун куралы бойдон калууда. Андыктан тез өнүгүп жаткан технологияларды көзөмөлгө ала турган адистештирилген орган түзүү керек.
«Бүгүнкү күндө биологиялык куралды контролдоо маселелери 1972-жылдагы Биологиялык Куралдар Конвенциясы менен жөнгө салынат. Бул документ дээрлик 50 жыл мурун кабыл алынган жана ошондон бери анын мазмуну өзгөргөн эмес. Бүгүнкү күнгө чейин биокоопсуздук маселелери үчүн жооптуу, текшерилген механизмдер менен бекитилген толук укуктуу уюм жок. Ошондуктан, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев БУУнун Коопсуздук Кеңешине түздөн-түз жооп берген адистештирилген органды - Эл аралык биологиялык коопсуздук агенттигин түзүүнү сунуш кылды», – деп белгиледи М. Ильясов.
Которгон: Илгиз Жамалбеков