Түрк өлкөлөрү медициналык адистерди даярдоо жана биологиялык коопсуздук
боюнча күчтөрдү бириктиришет. Тиешелүү кызматташтык Астанада Түрк мамлекеттер
уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 5-жолугушуусунда түзүлдү. Астанада Казакстандын Премьер-министри боордош өлкөлөрдүн мекеме башчылары
менен жолугушту. Жыйында аталган тармак боюнча биргелешкен аракеттердин планы
каралды. Олжас Бектеновдун Европадагы ДССУнун аймактык бюросунун мүдүрү Ханс
Клюге менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Анда тараптар ортосундагы
2025-2030-жылдарга карата кызматташуу тууралуу келишимдин маанилүүлүгү баса
белгиленгенди.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Өткөн жылы саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция 8,4%га жетип, болжол
менен 920 миллион долларды түздү. Алардын үчтөн бири жеке секторго таандык.
Биздин демилгелерибизге дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму олуттуу колдоо
көрсөтүүдө. Дем алуу органдарынын жана кан айлануу системасынын ооруларынын
азайышы жана курмандыктардын азайышы техникалык жана серепчилик колдоого
негизделген биргелешкен пландуу ишибиздин натыйжасы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

