Казакстанда
робот-хирургдун жардамы менен мээге операция жасалат. Караганды көп тармактуу
ооруканасында өлкөдөгү алгачкы нейрохирургиялык комплекстин жаңы мууну –
Remebot RM-200 роботу пайда болду. Бул медициналык маалыматтарды талдоого жана
операция учурунда дарыгерлерге жардам берүүгө жөндөмдүү интеллектуалдык
система. Жасалма интеллект түзүлүшү так аныктыкты жана ткандарга минималдуу
таасир этүүнү камсыздайт. Башкача айтканда, баш мээсинин оор патологиясы бар
бейтаптарды куткаруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул технологиянын жардамы
менен жылына 300дөн ашык жогорку технологиялык нейрохирургиялык операция жасоо
көздөлүп жатат. Карагандылык хирургтар заманбап түзүлүштүн тилин өздөштүрүү
үчүн Кытайда тажрыйба алмашуудан өтүштү. Асман алдындагы өлкөдө атамекендик
адистер системаны иш жүзүндө өздөштүрүп, бир катар сыноо операцияларын жасашты.
Еркин–Доор
Курмангалиев, Х.Макажанов атындагы Караганды көп тармактуу ооруканасынын мүдүрү:
- Бул операциялык
кийлигишүү убактысын кыйла кыскартууга өз салымын кошот. Демек, бейтаптын
айыгуу убактысы бир топ жеңил өтүп, алардын ооруканада жатуу мөөнөтү кыскарат.
Бул роботтун берилген чекитке жетүү тактыгы миллиметрден аз. Ал Паркинсон
оорусу, эпилепсия, мээ шишиги бар бейтаптарга операция жасоого, ошондой эле
стереотаксистик кийлигишүү жана талдоо жүргүзүүгө жана гематомаларды жок
кылууну ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

