Казакстан
медициналык туризмдин жаңы борборуна айланууда. Акыркы беш жылда өлкөгө келген
чет элдик бейтаптардын агымы беш эсеге көбөйдү. Дарылануу үчүн Астанага
келгендердин саны 2022-жылга салыштырмалуу төрт эсеге өстү. Жалпысынан
кардарлардын географиясы дүйнөнүн 50 өлкөсүнө чейин кеңейди. Бул маалыматтарды
борбор калаада өткөн эл аралык тармактык конференцияда жергиликтүү Саламаттыкты
сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, республикага сапат,
заманбап технологиялар жана албетте - жеткиликтүү баалар үчүн келишет.
Диагностика жана операциялар бул жерде, мисалы, АКШга жана Европа өлкөлөрүнө
караганда беш-он эсе арзан. Ошондой эле Казакстанда инновациялык технологиялар
активдүү киргизилип, кардиохирургия, трансплантология жана онкология багыттары
өнүгүүдө.
Акмарал
Алназарова, Казакстан Республикасынын саламаттык сактоо министри:
- Биз медициналык
туризмдин бул чөйрөсүндө лидер деп таанылган өлкөлөрдөн озуп өтүүнү көрүп
жатабыз. Кытайдан келген туристтердин агымы 24 эсеге өстү. Индиядан, 40 эсе.
Негизги кошунабыз, досубуз, ошол эле учурда атаандашыбыз, туризм тармагын
алдыга жылдыруунун үлгүсү болгон Түркиядан үч эсе өстү. Медициналык туристтер
Европадан, Америкадан, Чыгыш жана Борбордук Азиядан, коңшу өлкөлөрдөн жана
башка өлкөлөрдөн келүүдө. Бул бүгүнкү күндө биз бейтаптарга керектүү нерселерди
сунуштап жатканыбызды билдирет.
Казакстандын
медициналык кызмат көрсөтүүлөрүнүн жогорку сапаты дүйнөлүк деңгээлде
таанылышынын далили. Тогуз ата мекендик бейтапкана JCI аккредитациясын алган
жана улуттук аккредитация системасы дүйнөлүк стандарттарга толугу менен жооп
берет. Бүгүнкү күндө өлкөдө роботтун жардамы менен жасалган операциялардан
протондук жана гамма-терапияга чейин жогорку технологиялык медициналык жардамдын
80 түрү бар. Мындан тышкары, Казакстандын кардиохирургиялык кызматы дүйнөдөгү
эң мыкты 30 мекеменин катарына кирет.
Рустем
Тулеутаев, Кардиология жана ички илдеттер илимий-изилдөө институту
башкармасынын башчысы:
- Акыркы жылдары
биз Орусия Федерациясынан, Өзбекстандан, Кыргызстандан жана Тажикстандан эң көп
бейтаптарды байкадык. Бизде Европадан
жана алыскы чет өлкөлөрдөн да бейтаптар бар, бирок учурда биз биринчи кезекте Орусия
Федерациясынан келген бейтаптарды көрүп жатабыз. Албетте, эң башкысы - сапаты
жана баасы жеткиликтүү. Ал тургай биздин медициналык кызматтарыбыз Орусияга
салыштырмалуу арзаныраак.
Конференцияга 13
өлкөдөн дипломатиялык миссиялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, алдыңкы
медициналык серепчилер, агенттер жана сатып алуучулар катышты. Конференциянын
жыйынтыгында Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Туризм
жана спорт министрлиги, ошондой эле Казакстандын медициналык туризм
ассоциациясы менен кызматташуу келишимине кол койду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

