Казакстан Элдик Кеңеши коом менен мамлекеттин ортосундагы диалог үчүн жаңы аянтча болот. Орган жогорку конституциялык консультативдик институт макамын алат жана референдумдарды өткөрүүнү сунуштап, мыйзам чыгаруу демилгелери менен чыга алат. Анын курамына 126 адам – этномаданий бирикмелердин, коомдук уюмдардын жана региондордун өкүлдөрү кирет. Эске сала кетсек, жума күнү парламент палаталарынын биргелешкен жыйынында депутаттар бир эле учурда 3 Конституциялык мыйзам долбоорун – Казакстан Элдик Кеңеши жөнүндө, борбор шаардын макамы тууралуу жана өлкөнүн административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө биринчи окууда жактырышты.
Ерлан Саиров, парламент межлисинин депутаты:
– Менимче, ал жерде ишкерлер да, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү да, ар кандай катмарлардын өкүлдөрү да болот. Бул коом менен мамлекеттин ортосундагы түз диалогго мүмкүнчүлүк берген механизм. Элдик Кеңештин мүчөлөрү коомдук башталышта иштешет.
Мындан тышкары, Астананын өзгөчө макамы конституциялык деңгээлде бекитилет. Бул документ шаар куруу, жол кыймылы, миграция, экология, туризм жана коммуналдык менчик чөйрөлөрүндө акимчиликтин жана маслихаттардын ыйгарым укуктарын кыйла кеңейтет. Борбордун бирдиктүү архитектуралык көрүнүшүн калыптандыруу, анын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча ченемдер жөнгө салынат. Ал эми өлкөнүн административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндөгү конституциялык мыйзам долбооруна административдик-аймактык бирдиктерди аныктоого, облусту, районду, шаарды, айылды же шаарчаны, кайра түзүү жана жоюу тартибин жөнгө салууга тиешелүү ченемдер киргизилген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

