Мектептерде ЖИ менен окутуунун жаңы ыкмалары

Мектептерде ЖИ менен окутуунун жаңы ыкмалары

Казакстандын орто билим берүү системасына жасалма интеллект интеграциясы өлкөнүн жаңы Конституциясында бекитилген адамдык капиталды өнүктүрүүнүн жана инновациялардын артыкчылыктарын ишке ашыруучу стратегиялык багыт болуп саналат. Президент Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, заманбап технологиялар жашоонун бардык тармактарын түп тамырынан бери өзгөртүп, адамзаттын келечегине түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан, өнүгүүгө кадам таштоо абдан маанилүү. Эл аралык серепчилер да ушундай пикирде. Атактуу футуролог жана геоэкономика боюнча стратег Олаф Грот өз ою менен бөлүштү.


Олаф Грот, футуролог, Haas School Of Business профессору:


Заманбап мектептер дагы эле индустриалдык ыкманы колдонушат: бардыгы үчүн бир система, анткени алар минималдуу ресурстар менен мүмкүн болушунча көп окуучуларды окутуу керек. Жасалма интеллект  муну өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал ар бир окуучу маалыматты кантип кабыл алып, аны чыныгы билимге жана көндүмгө айландырарын талдай алат. Бул окууну жекелештирет. Биз билим берүүнүн «индустриалдык моделинен» «окутуунун когнитивдик доору» деп аталган нерсеге — жекелештирилген жана эффективдүүрөөк багытка өтүп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков