Казакстандын
Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен NVIDIA компаниясы жасалма интеллект
боюнча билим берүү программаларын ишке киргизүү боюнча келишимге кол коюшту.
Сан-Францискодогу жолугушууда тараптар суперкомпьютердик технологиялар
тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Белгилей кетсек, «Deep Learning Institute» программасынын алкагында
окуу материалдары казак тилине которулуп, билим берүү мазмунуна ылайыкташтырылган. Жаш адистерди
колдоо максатында жасалма интеллект хакатондору жана окуу лагерлери уюштурулат.
Жалпысынан, серепчилердин пикиринде, бул жаштардын санариптик көндүмдөрүн
өнүктүрүүгө жана Казакстандын аймактагы инновация борбору катары позициясын
бекемдөөгө жардам берет. Эскерте кетсек, NVIDIA – өзүнүн графикалык
процессорлору жана чиптеги системалары менен белгилүү америкалык компания.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков